Эртең Өзбекстанда президенттик шайлоо өткөрүлөт

30 - апрелдеги референдумда Конституцияга өзгөртүү киргизүү кабыл алынгандан кийин, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 9-июлда өткөрүү чечими кабыл алынды.

2008695
Эртең Өзбекстанда президенттик шайлоо  өткөрүлөт

Өзбекстанда эртең шайлоочулар президентти шайлоо үчүн добуш беришет.

30 - апрелдеги референдумда Конституцияга өзгөртүү киргизүү кабыл алынгандан кийин, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 9-июлда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ушул алкакта 20 миллион катталган шайлоочу эртең өлкө боюнча курулган 10 миң 760 үкөктө  жаңы президентти шайлоо үчүн добуш берет. Чет өлкөдөгү өзбек жарандары араларында Түркия да болгон 39 өлкөдө курулган 55 үкөктө добуш бере алышат.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, өзбек тилин жакшы билген, 35 жаштан ашкан, акыркы 10 жылда өлкөдө үзгүлтүксүз жашаган, саясий партиялар тарабынан талапкер  көрсөтүлгөн өзбек жарандары гана  президенттикке талапкер боло алышат.

Шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасы болгон Мыйзам чыгаруу жыйынына 5 саясий партия көрсөткөн төрт талапкер ат салышууда.

Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынан кайрадан талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдагы президент Шевкет Мирзиёев, Элдик демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, Өзбекстандын Экология партиясынан Абдушукур Хамзаев жана Адилет социал-демократиялык партиясынан Роба Махмудова ат салышкан шайлоодо Улуттук кайра жаралуу партиясы Либерал-демократиялык партиянын талапкери Мирзиёевди колдойт.

Шайлоонун фаворити катары акыркы мезгилде өлкөдө демилгелерди жана реформаларды баштаган президент Мирзиёев өзгөчөлөнүүдө.

Мирзиёев биринчи президент Ислам Каримов каза болгондон кийин 2016-жылы декабрда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо үч атаандашына каршы шайлоочулардын 88,61 пайыздык добушун алып,  2021-жылдагы шайлоодо төрт атаандашына каршы щайлоочулардын 80, 1 пайыздык добушун алып экинчи жолу президент болуп шайланган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар