Казакстанда барымтага алынган банк кызматкерлери куткарылды

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, банкы кызматкерлери барымтада турган банк имаратына полиция кызматкерлери операция жүргүздү.

2001138
Казакстанда барымтага алынган банк кызматкерлери куткарылды

Казакстандын борбору Астанадагы Kaspi.kz банкынын филиалында барымтага алынган 7 банк кызматкери куткарылды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, банкы кызматкерлери барымтада турган банк имаратына полиция кызматкерлери операция жүргүздү.

2 саатка жакын убакытка созулган ийгиликтүү операциянын натыйжасында банктын филиалынын кызматкерлери куткарылды.

Банкты тинтүүгө алып, кызматкерлерди барымтага алган адам кармалды. 30 жаштагы кол салуучунун мурда баңги зат колдонгону үчүн соттолгондугу белгилүү болду.

Ички иштер министри Марат Ахметжанов операция учурунда үн бомбалары жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулганын жана окуя боюнча иликтөө башталганын билдирди.

Ахметжанов банк кызматкерлерин барымтага алган адам жакындарынын жана досторунун эсебине акча которуу сыяктуу талаптарды койгонун билдирди.



Тектеш кабарлар