ЮНЕСКОнун "Манас" эпосу тууралуу чечими

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий иш сапары менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азулени  кабыл алды.

1997806
ЮНЕСКОнун  "Манас" эпосу тууралуу чечими

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму (ЮНЕСКО)  “Манас” эпосунун биринчи кол жазмасын адамзаттын жалпы мурасы деп жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий иш сапары менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азулени  кабыл алды.

Азуле  президент Жапаровго манасчы Сагынбай Орозбаковдун оозунан алынган кол жазманы материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу күбөлүктү тапшырды.

1000 жылдан бери ооздон озго айтылып келген, кыргыз калкынын идеологиясы жана энциклопедиясы  болгон "Манас" эпосу  1867 - Кыргызстандын Ысык -Көл облусунда төрөлгөн Сагынбай Орозбаковдун оозунан  180  миң 378 сап кагаз бетине түшүрүлгөн.

Өлкөдө "Манас" эпосунун тексттин жаздырган биринчи манасчы катары тарыхка өткөн Сагынбай Орозбаковдун оозунан кагазга кагазга түшүрүү 1922 -  жылы башталып 1926 - жылы бүткөн.

"Манас" эпосунда элдин каада - салт,ы ырым  - жырымдары, бийлик күрөштөрү, уруулар жана башка элдер менен болгон карым  - катнаштары, жомоктору, адеп-ахлактык түшүнүгү чагылдырылат.

Эпостун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине алынган 4 -  декабрь жыл сайын  "Манас" эпосу күнү катары белгиленүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар