Фуат Октай ТКТРда жолугушууларды өткөрдү

Вице-президент Фуат Октай ТКТРдагы «Рауф Раиф Денкташ» маданий борборунда премьер-министр Үнал Үстел менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1968436
Фуат Октай ТКТРда жолугушууларды өткөрдү

Вице-президент Фуат Октай Түркиянын колдоосу менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) келечеги алда канча ачык жана жаркын болоорун айтты.

Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы «Рауф Раиф Денкташ» маданий борборунда премьер-министр Үнал Үстел менен 2023-жылга карата экономикалык жана каржылык кызматташтык келишимине кол койду жана андан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2023-жылдагы Экономикалык жана каржылык кызматташтык келишиминин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандыктын өсүшүнө негиз болоорун баса белгилеген Октай: «Учурдагы потенциалды Түркиянын колдоосу менен стратегиялык бурулуштарга багыттоонун натыйжасында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын келечеги алда канча ачык жана жарык болот. Адилетсиз чектөөлөргө жана эмбарголорго карабастан Түндүк Кипр Түрк Республикасы саясий, социалдык жана экономикалык жактан олуттуу аралыктарды басып өттү. Бул узак мөөнөттүү күрөштө Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы, кипрдик түрк боордошторубузду экономикалык жактан күчтүүрөөк деңгээлге алып чыгуу үчүн ар дайым кызматташтык жана тилектештик ичинде иштешти жана муну улантууда»,-деди.

Октай кипрдик түрктөрдүн келечекке ишеним менен карап, тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылыкта жашоосун улантуусу үчүн Түркиянын негизги жана кепил өлкө катары колунан келгендин баарын жасай турганын баса белгиледи.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Үстел болсо, Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасын ар дайым колдогонун жана ар дайым Кипр түрк элинин жанында экенин баса белгилеп: «Түркия Республикасы улуу жана күчтүү мамлекет. Кипр түрк эли ушундай улуу жана күчтүү мамлекеттин бир тууганы болгонуна кубанып, сыймыктанат. Түркиянын күчү бизге күч-кубат берет. Түркиянын жаныбызда болушу бизге ишеним берет»,-деп айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын ар дайым бир туугандыкка негизделгенине көңүл бурган премьер-министр Үстел кол коюлган протокол менен өлкөсүнүн Түркия менен болгон сүйүү байланышын бекемдөө менен келечекке ишенимдүү кадам таштаарын айтты.

Бир тараптан Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасында, очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин аймактагы акыркы абалга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Вице-президент Октай жер титирөөдөн жабыркаган 1 миллион 682 миң 309 үй-бүлөгө 10 миң лирадан, 207 миң кишиге 15 миң лирадан көчүү үчүн жардам берилгенин жарыялады.

Октай «Түркия бир жүрөк» акциясына 84 миллиард 400 миллион лира кайрымдуулук жасалганын да айтты.



Тектеш кабарлар