Өзбекстанда жөтөл сиробуна карата иликтөө баштатылды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан берилген маалыматта, Индиянын Marion Biotech фирмасында өндүрүлгөн «Док-1 Макс» жөтөл сиробунун кесепетинен 18 баланын каза болгондугу маалымдалды.

1924742
Өзбекстанда жөтөл сиробуна карата иликтөө баштатылды

Өзбекстанда Индияда чыккан жөтөл сиробунан 18 баланын өлүмү боюнча иликтөө башталды.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан берилген маалыматта, Индиянын Marion Biotech фирмасында өндүрүлгөн «Док-1 Макс» жөтөл сиробунун кесепетинен 18 баланын каза болгондугу маалымдалды.

Билдирүүдө сөз болуп жаткан сиропту алып келген Kuramax Medikal жана бул дарыны өлкөдө колдонулушуна уруксат берген «Фармацевтикалык стандартташтыруу илимий борборунун» жетекчилери тууралуу  териштирүүнүн башталганы жана шектүүлөрдүн кармалгандыгы баса белгиленди.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги сентябрь - декабрь айларында Самарканддагы балдар ооруканасында дарыланган балдардан  18нин "Док-1 Макс" сиробунан каза болгондугун билдирген.

Маалыматта бул жөтөл сироп тууралууу жасалган лабораториялык анализдердин натыйжасында дарынын составында уулуу зат болгон "этиленгликол" аныкталып, ушул боюнча өлкөдө дарыны  сатууга тыюу салынгандыгы билдирилген.

 



Тектеш кабарлар