Сердар Бердымухамедов үч тараптуу саммитте сөз сүйлөдү

Бердымухамедов бул жыйындын үч боордош өлкөнү байланыштырганын жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты арттыра турганын баса белгиледи.

1918913
Сердар Бердымухамедов үч тараптуу саммитте сөз сүйлөдү

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өлкөсүнүн, Азербайжандын жана Түркиянын, энергетикалык ресурстарды дүйнөлүк рынокко жөнөтүү үчүн гармониялуу жана ар тараптуу система түзүү үчүн аракет кылып жатышканын айтты.

Сердар Бердымухамедов Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан президенттеринин биринчи саммитинде сүйлөгөн сөзүндө, аталган жыйындын үч боордош өлкөнү байланыштырганын жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты арттыра турганын баса белгиледи.

Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын ортосундагы бүгүнкү жолугушууну экономикалык кызматташтык жагынан маанилүү окуя катары баалагандарын айткан Бердымухамедов: «Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия, энергетикалык ресурстарды дүйнөлүк рынокко жеткирүү үчүн гармониялуу, ар тараптуу системаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат»,-деди.

Бердымухамедов ошондой эле транспорттун маанилүүлүгүнө басым жасап: «Өлкөлөрүбүз аркылуу өткөн транспорт коридорлорун түзүү боюнча бирдиктүү стратегиянын негизинде Азия менен Европанын ортосунда үч тараптуу тыгыз кызматташтыктын зарылдыгына макулбуз»,-деп айтты.

Бердымухамедов: «Түркмөнстандан Азербайжанга жана Түркияга жаңы транспорт коридору эң маанилүү долбоорлордун бири болушу мүмкүн. Бул багытта жүк ташууларды жеңилдетүү максатында бирдиктүү логистикалык борбор түзүүнү талкуулоону да сунуштайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар