Армян аскерлери Азербайжандын позицияларына ок атышты

Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1888000
Армян аскерлери Азербайжандын позицияларына ок атышты

Армян аскерлери ок атышпоо режимин бузуп Келбежер жана Товуздагы азербайжандык позицияларды аткылашты.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «3-октябрдын кечинден 4-октябрдын таңына чейин Армениянын Куралдуу күчтөрү тарабынан Азербайжан-Армения мамлекеттик чек арасындагы Келбежер облусунун Зивел, Зейлик жана Истису менен Товуз облусунун Агдам жана Гаралар конуштарындагы Азербайжан армиясынын позициялары катуу аткылоого алынды»,- деп айтылды.

Азербайжан армиясынын да жооп кайтаргандыгы белгиленген билдирүүдө: «Кырдаалдын атайылап курчутулушуна Армениянын аскерий жана саясий жетекчилигинин жоопкерчиликтүү экенин билдиребиз»,-деген сөздөр камтылды.

Бир тараптан армян куралдуу күчтөрүнүн масштабдуу саботажы учурунда саботаж топтору тарабынан миналанган аймактар ​​жана коопсуздук жолдору Азербайжан армиясы тарабынан тазаланууда.

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Дашкасенде жүргүзүлгөн миналарды тазалоо иштеринин натыйжасында Арменияда өндүрүлгөн 452 минанын табылганын жана алардын зыянсыздандырылганын маалымдады. 



Тектеш кабарлар