Кыргызстан Баткен облусунда өзгөчө кырдаал жарыялады

Садыр Жапаров соцтармактан  көңүл айтуу жарыялады.

1881179
Кыргызстан  Баткен облусунда өзгөчө кырдаал жарыялады

Кыргызстан Тажикстан чек ара коргоочулары менен кагылышуу болгон Баткен облусунда өзгөчө кырдаал жарыялады.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматта жарандардын коопсуздугу жана аймакта тынчтыктын түзүлүшү үчүн Баткен  аймагында өзгөчө кырдаалдын жарыялангадыгы билдирилди.

Баткен аймагынын губернатору Абдикарим Алимбаев берген маалыматында Кыргызстан менен Тажикстан кагылышуусунда   байланыш үзүлгөн эки айылга жетишилгендигин айтты.

Алимбаев : «Аймакта түн тынч өттү. Бирок абал оор. Тажик аскерлери кыргыз айылдарын бошотту. Кыргыз бөлүктөрү айылдарга кирди. Абал турукташканга чейин чек арада тажик тарабы менен иштешебиз»,- деди.

Садыр Жапаров соцтармактан  көңүл айтуу жарыялады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров фейсбук баракчасынан берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө кыргыз  - тажик чек ара аймактарында болгон куралдуу кагылышууда каза болгон мекендештердин үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтты.

«Чек ара маселеси кылдаттыкты жана чыдамдуулукту талап кылган маселе»,- деген Жапаров аймактагы чек ара келишпестиги чечилгенге чейин 1 минута да турбай тургандарын белгиледи.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасында кечээ болгон кагылышууда Кыргызстандын 24 жаранынын каза болгондугу жана 90го жакын кишинин жаракат алгандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар