Лачында армяндар тарабынан коюлган миналар табылды

Армяндардын Азербайжандын аймагына миналарды коюу менен 1949-жылкы Женева конвенциясынын 1-кошумча протоколун бузгандыгы айтылды.

1874311
Лачында армяндар тарабынан коюлган миналар табылды

Азербайжандын Лачын облусунун чек араларында акыркы эки жумада армяндар тарабынан коюлган 1318 мина аныкталды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги менен Миналарды тазалоо агенттигинин (ANAMA) билдирүүсүндө, Лачын аймагына жөө аскерлерге каршы тобу менен коюлган миналардын табылганы кабарланды.

Билдирүүдө 15-31-август күндөрү 1318 даана PMN-E тибиндеги миналардын аныкталганы баса белгиленип, миналардын бардыгынын 2-Карабах согушунан кийин 2021-жылы Арменияда өндүрүлгөнүнө көңүл бурулду.

Оттава келишимине ылайык жөө аскерлерге каршы миналарды колдонуу, камдоо, өндүрүү жана өткөрүүгө тыюу салынганы эске салынган билдирүүдө, армяндардын Азербайжандын аймагына миналарды коюу менен 1949-жылкы Женева конвенциясынын 1-кошумча протоколун бузгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар