Анкаранын Кечиөрен районунда Нооруз майрамы белгиленди

Түркиядагы Нооруз майрамын белгилөөлөргө Кыргызстандан бир топ ырчы-бийчилер келип катышты.

1800043
Анкаранын Кечиөрен районунда Нооруз майрамы белгиленди
Nevruz Keçiören 39.jpg
Nevruz Keçiören 40.jpg
Nevruz Keçiören 18.jpg
Nevruz Keçiören 41.jpg

Анкаранын Кечиөрен районундагы Түрк дүйнөсү аянтында өткөрүлгөн Нооруз майрамы Анкара университетинин ректору проф. Dr. Неждет Үнүвар, Улуттук кыймыл партиясынын төрага орун басары жана Анкара депутаты Садир Дурмаз, Түрксойдун баш катчысы Дюсен Касеинов, Азербайжан Республикасынын Анкарадагы элчиси Рашад Маммадов, Афганистан Ислам Республикасынын Анкара элчилигинин кеңешчиси М.Мусаддык Факири, Босния-Герцеговина Республикасынын Анкарадагы элчиси Анкараис Амббааг, Казакстан Республикасынын Анкара элчиси Абзал Сапарбекулы, Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Анкарадагы элчиси Кемал Көпрүлү, Түндүк Македония Республикасынын Анкарадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханиф Даути, Молдова Республикасынын Анкарадагы элчиси Дмитрий Кройтор, Өзбекстан Республикасынын Анкарадагы элчиси Алишер Агзамходжаев, Тажикстан Республикасынын Анкарадагы элчисинин кеңешчиси Парвиз, Түрмөнстан Республикасынын Анкарадагы элчиси Ишанкули Аманлыев жана элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Иш-чарада түрктөрдүн Эргенекондон көчүшүн билдирген дөрстөгү темирге балка чабылып, жумурткалар кагыштырылып, от жагылып, оттон секирүү жана Нооруз концерттери көрүлдү.

Нооруз чатырларына барып даам ооз тийилди.


Этикеткалар: #Нооруз

Тектеш кабарлар