Түркмөнстанда эл жаңы президентин шайлоо үчүн добуш берди

Шайлоо үчүн өлкөнүн өлкө тышындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө 41 жана борбор шаар Ашкабатта 310 жалпы 2618 үкөк курулду.

1794370
Түркмөнстанда эл жаңы президентин шайлоо үчүн добуш берди

Борбордук Шайлоо Комиссиясы 9 талапкер ат салышкан президенттик шайлоодо добуш бере турган катталган шайлоочу санын 3 миллион 435 миң 950 деп билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгына караганда өлкөнү 7 жыл башкара турган жаңы президент 19 -  мартта Огузхан сарайында өтө турган ант берүү аземи менен ишин расмий түрдө баштайт.

Шайлоо үчүн өлкөнүн өлкө тышындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө 41 жана борбор шаар Ашкабатта 310 жалпы 2618 үкөк курулду.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов жана президенттикке талапкерлерден Түркмөнстан Министрлер Кеңешинин төрага орун басары Сердар Бердимухаммедов Ашкабатта бир мектепте добуш беришти.



Тектеш кабарлар