ТКТРнын тышкы иштер министри ПЙДга өкүчүлүк ачкан Түштүк Кипр Рум башкаруучулугун айыптады

Эртугрулоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кипрдеги түрктөргө аралда массалык түрдө кыргын салып кан көлдөткөн террорду колдоочу Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун провокациялык аракеттеринин уланып жатканын белгиледи.

1765606
ТКТРнын тышкы иштер министри ПЙДга өкүчүлүк ачкан Түштүк Кипр Рум башкаруучулугун айыптады

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу, Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун террордук уюм ПККнын Сириядагы саясий уландысы болгон ПЙДга өкүлчүлүк ачууга уруксат бергенине каршы чыкты.

Эртугрулоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кипрдеги түрктөргө аралда массалык түрдө кыргын салып кан көлдөткөн террорду колдоочу Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун провокациялык аракеттеринин уланып жатканын белгиледи.

Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун Ички иштер министрлигинин 12-январдагы кайрылуусу менен террордук уюм ПЙДга Рум бөлүгүндө өкүлчүлүк ачканын  Рум басма сөз булактарынын жарыялаганын айткан Эртугрулоглу: «Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болгон Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун бул провокациялык демилгеси биздин аймакта жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде тынчтыкка кызмат кылбай турганы айдан ачык. Биз ошондой эле Европа Биримдигинин бир  мүчөсүнүн террордук уюмду коргоосуна карата кандай мамиле кыларын көргүбүз келет. Түркияга каршы ар түрдүү душмандык кыймылдарын кылган террордук уюмга Түштүк Кипрде өкүлчүлүгүн ачтырган жана террористтерди коргоосуна алган Рум башкаруусу от менен ойноп жатканын билиши керек. Өкүлчүлүктүн башчысы деп аталган ПКК террористи Черкез Коркмаз, Түштүк Кипрдин террордук уюмга көрсөткөн колдоосун мактап, Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун террордук уюм ПККга мурда да кандай колдоо көрсөткөнүн кайрадан көз алдыга жайып койду»,-деди.

Бузуку канкорлордун тилектеш болушунун аларды таң калтырбаганын белгилеген Эртугрулоглу: «Булардын тилектеш экени мурда эле белгилүү болчу, эми расмий бирикме түзүү менен аны чечмелеп беришти. Алар өздөрү түзгөн тартип менен башына эмне келээрин аңдап билиши керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар