Алиев : «Франция, Индия жана Греция Арменияны бизге каршы куралдандырып жатат»

Илхам Алиев борбор шаар Бакудагы ADA университетинде өткөрүлгөн «COP29 жана Азербайжан үчүн жашыл көз караш» аттуу эл аралык форумга катышып, сөз сүйлөдү жана суроолорго жооп берди.

2131200
Алиев : «Франция, Индия жана Греция Арменияны бизге каршы куралдандырып жатат»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Франция, Индия жана Греция Арменияны өлкөсүнө каршы куралдандырып жатканын белгилеп: «Эгерде биз өзүбүзгө олуттуу коркунучту көрсөк, олуттуу чараларды көрүшүбүз зарыл болот»,-деди.

Илхам Алиев борбор шаар Бакудагы ADA университетинде өткөрүлгөн «COP29 жана Азербайжан үчүн жашыл көз караш» аттуу эл аралык форумга катышып, сөз сүйлөдү жана суроолорго жооп берди.

Армения менен тынчтык келишимине кол коюу сүйлөшүүлөрүнө токтолгон Алиев: «Тынчтык келишимине кол коюуга эч болуп көрбөгөндөй жакынбыз. Болгону майда-чүйдө нерселерди чечишибиз керек. Бирок, албетте, эки тарапка тең убакыт керек»,-деп айтты.

Армениянын жаңы курал-жарактарга ээ болушуна токтолгон Алиев : «Франция, Индия жана Греция Арменияны бизге каршы куралдандырып жатат. Алар муну ачыктан-ачык кылып, жада калса бизге бир нерсени далилдөөгө аракет кылып жатышат. Биз да күтүп отура албайбыз. Биз бул мамилени Армения өкмөтүнө жана бүгүн Арменияны коргоого аракет кылган тараптарга ачык айттык. Эгерде биз өзүбүзгө олуттуу коркунучту көрсөк, олуттуу чараларды көрүшүбүз зарыл болот»,-деп айтты.

Алиев Түркия-Азербайжан карым-катнаштары тууралуу: «Түркия-Азербайжан биримдиги аймактык коопсуздук жана ырааттуулуктун маанилүү критерийи. Түркия менен Армениянын жакындашуусу жана Азербайжан менен Армениянын нормалдашуусу параллелдүү түрдө ишке ашырылышы керек»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар