Казакстанда жаңы өкмөт биринчи жыйынын өткөрдү
Жыйында 3 жуманын ичинде аткарыла турган 2022-жылга карата иш-аракеттер планынын негизги темалары аныкталды.
1761579
Казакстандын премьер-министри Алихан Исмаиловдун төрагалыгы алдында жаңы министрлер кабинети биринчи жыйынын өткөрдү.
Жыйында президент Касым Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык 3 жуманын ичинде аткарыла турган 2022-жылга карата иш-аракеттер планынын негизги темалары аныкталды.
Премьер-министр Исмаилов, өкмөттүн белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Исмаилов коопсуздук мекемелерин кайрадан реструктуризациялоо жана армиянын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштердин да тез арада башталаарын баса белгиледи.
Аткарылган иштер Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында каралып чыгат.