Путин - Токаев сүйлөшүүсү

Эки лидер тынымсыз  байланышта болуу  боюнча макулдашышты.

1759357
Путин  - Токаев сүйлөшүүсү

Россиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым Жомарт  Токаев менен Казакстандагы акыркы кырдаал тууралуу сүйлөштү. Кремлден берилген маалыматка ылайык, Путин менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү.

Казакстандагы кырдаал талкууланган сүйлөшүүдө эки лидер Казакстанда тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу пикир алышты.

Токаев өлкөдөгү абалдын турукташууга карай бара жаткандыгын белгилеген сүйлөшүүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн Казакстанга берген жардамдарынан улам ыракмат айтты. 

Эки лидер тынымсыз  байланышта болуу  боюнча макулдашышты. 

Казакстандын президенти Токаев өлкөдөгү абалдан улам мүчөсү болгон Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлеринен жардам суранган. 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши да 5 -  январда Казакстанга аскер жиберүү чечимин кабыл алган. 

 

 



Тектеш кабарлар