Касым Жомарт Токаев : «Өлкөдө конституциялык түзүлүш негизинен калыбына келтирилди»
Ройтерстин кабарына караганда Казакстан мамлекеттик телекөрсөтүүсү президент Токаевдин бүгүн элге кайрыларын билдирди.
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев : «Өлкөдө конституциялык түзүлүш негизинен калыбына келтирилди»,- деп бирди.
Ройтерстин кабарына караганда Казакстан мамлекеттик телекөрсөтүүсү президент Токаевдин бүгүн элге кайрыларын билдирди.
Бир тараптан Казакстандын Ички иштер министрлиги нааразылык акцияларында каза болгон коопсуздук кызматкерлеринин саны 18ге жеткендигин билдирди.
Өлкөдө суюлтулган жаратылыш газдын баасынын көтөрүлүшү жана социалдык - экономикалык абал начарлады деген негиз менен 2 - январда башталган нааразылык акциялары эң чоң шаар болгон Алматыда зомбулук жана куралдуу кагылышууларга айланды.
Президент Касым Жомарт Токаев нааразылык акцияларынан жооптуу деген өкмөттүн отставкага кетишин кабыл алып, окуялардын жайылышы менен өзгөчө кырдаал жарыялады.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.