TURKOVACтын 3-фазалык изилдөөлөрү Азербайжанда да жүргүзүлөт

ТҮРКОВАКтын 3-фазалык изилдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн эксперттер тобунун Азербайжанга барышы күтүлүүдө.

1754331
TURKOVACтын 3-фазалык изилдөөлөрү Азербайжанда да жүргүзүлөт

Коронавируска (Ковид-19) каршы Түркияда иштелип чыккан ата мекендик TURKOVAC вакцинасынын 3-фазалык изилдөөлөрү Азербайжанда да жүргүзүлөт.

Азербайжандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Первиз Абубекиров, TURKOVACтын 3-фазалык изилдөөлөрүнүн Азербайжанда да жүргүзүлүшүнө байланыштуу документтердин каралып чыкканын жана бекитилгенин билдирди.

Абубекиров белгилегендей, ТҮРКОВАКтын 3-фазалык изилдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн эксперттер тобунун Азербайжанга барышы күтүлүүдө.


Этикеткалар: #TURKOVACтын 3-фазалык

Тектеш кабарлар