Түрк мамлекеттери космосто кызматташат

Азербайжандын космостук агенттиги (Азеркосмос) Бакуда өткөргөн жыйынга Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын расмий өкүлдөрү катышты

1749956
Түрк мамлекеттери космосто кызматташат

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Түрк Мамлекеттери Уюмуна (TМУ) мүчө жана байкоочу мамлекеттердин космостук агенттиктери менен тиешелүү мекемелеринин биринчи жыйыны өткөрүлдү.

Азербайжандын космостук агенттиги (Азеркосмос) Бакуда өткөргөн жыйынга Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын расмий өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда ТМУнун мүчөлөрүнүн космостук долбоорлору боюнча презентациялар жасалып, бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүү максатында биргелешкен ишмердүүлүк багыттарын аныктоо боюнча талкуулар жүрдү.

Жыйында Түркияны өкүлдүк кылган Түрк Космос агенттигинин (TUA) төрагасы Сердар Хүсейин Йылдырым басма сөзгө билдирүү жасап: «Биз тарыхый кадамга барып жатабыз, анын маанилүүлүгү жакынкы жылдарда көбүрөөк түшүнүлөт»,- деди.

Азеркосмостун башчысы Самеддин Асадов чоң мамлекеттердин космоско чоң инвестиция салганын эске салып, Түрк мамлекеттеринин да космос изилдөөлөрүндө күчтөрдү бириктирүүсү керектигин баса белгиледи.

TМУнун башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов уюмга мүчө өлкөлөрдүн космос тармагында чоң потенциалы бар экенин белгиледи.

«Өлкөлөрдүн бул потенциалды колдонуусу жана бири-биринин тажрыйбаларынан пайдалануусу космос тармагындагы кызматташтыктын маанилүү инфраструктурасын түзөт»,-деди ал.



Тектеш кабарлар