Азербайжанда бир аскер шейит болду

Азербайжандын Коргоо министрлиги Россиянын аскерлеринин көзөмөлүндөгү аймактан мыйзам тышы армян куралдуу топторунун ок аткандыгын жана бир Азербайжан аскеринин шейит болгондугун жарыялады.

1720110
Азербайжанда бир аскер шейит болду

Азербайжандын Коргоо министрлиги Россиянын аскерлеринин көзөмөлүндөгү аймактан мыйзам тышы армян куралдуу топторунун ок аткандыгын жана бир Азербайжан аскеринин шейит болгондугун жарыялады.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.15 чамаларында армян куралдуу топторунан снайпердин ок атуусу менен  аскер Афган Хамзаевдин каза болгондугу билдирилди.

Маалыматта террордук кол салуу катары мүнөздөлгөн кол салуунун териштирилиши үчүн Түркия  -  Россия биргелешкен байкоо борборуна талаптын билдирилгендиги белгиленди.

Россия, Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери Минскте үч тараптуу жыйын өткөргөн учурда мыйзам тышы армян куралдуу топторунун кол салуусунун атайын жасалган чагымчылдык экендиги белгиленген маалыматта Армениянын аймактагы абалды курчутуу, 2020 -  жылы 10 -  ноябрда кол коюлган үч тараптуу деклорациянын ишке ашырылышына тоскоол болууну жана Россиянын аскердик элементтеринин иштрине көлөкө түшүрүү максат кылынгандыгы билдирилди.

Маалыматта өзгөчө террордук кол салууну аткарган мыйзам тышы армян куралдуу топторун таасирсиз абалга алып келүү жана эсеп суроо үчүн Азербайжан мыйзамдарына ылайык чечкиндүү кадамдардын ташталары белгиленди.



Тектеш кабарлар