Түркиядан Казакстанга 96 миллион долларлык инвестиция салынды
Казакстандын 2021 - жылдын биринчи чейрегинде Түркиядан 96 миллион долларлык түздөн түз инвестиция тарткандыгы белгиленди.
Казакстандын 2021 - жылдын биринчи чейрегинде Түркиядан 96 миллион долларлык түздөн түз инвестиция тарткандыгы белгиленди.
Казакстандын Анкарадагы элчилиги Казакстан Улуттук банкынын Түркиядан бул өлкөгө салынган инвестицияларга байланыштуу 2021 - жылдын 1 - чейректеги маалыматтарын билдирди.
Маалыматтарга караганда 2021 - жылдын биринчи чейрегинде Түркиядан Казакстанга 96, 1 миллион долларлык түздөн түз инвестиция салынды.
Жогоруда айтылган көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 139 пайыздан ашык өскөндүгүн көрсөткөн болсо, биринчи чейректерде 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч катары катталды.
Бир жагынан алганда, 2005-2020-жылдардын биринчи чейректеринде Түркиядан Казакстанга орто эсеп менен 39,7 миллион доллар инвестиция салынса, 2021-жылдын ошол эле мезгилинде салынган инвестиция орточо алганда 142 пайызга жогору болду.