Казакстанда чет элдиктерге талаа аянты сатылбайт жана ижарага берилбейт

Президент Касым Жоомарт Токаев жогоруда айтылган тыюу салууну караган мыйзамды бекитти.

1639040
Казакстанда чет элдиктерге талаа аянты сатылбайт жана ижарага берилбейт

Казакстанда айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салынат.

Президент Касым Жоомарт Токаев жогоруда айтылган тыюу салууну караган мыйзамды бекитти.

Жаңы мыйзамга ылайык, мындан ары айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүктөргө, чет өлкөлүк үлүшү бар жергиликтүү компанияларга, эл аралык илимий борборлорго, ошондой эле мекенине кайтып келген, бирок азырынча жараны боло элек этникалык казактарга сатылбайт жана ижарага берилбейт.

Учурда жерди пайдаланып жаткан чет элдик жарандардын жана компаниялардын ижара шарттары узартылбайт.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги жарыялаган акыркы отчетко ылайык, учурда өлкөдөгү 93 миң гектар жерди чет элдиктер ижарага алышкан.



Тектеш кабарлар