Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү жарыяланды

Садыр Жапаров жаңжалда курман болгондордун элесине 1-2-майды Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

1631861
Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү жарыяланды
Kırgızistan Yas Günü.jpg

 

Кыргыз-тажик чек арасында 29-апрелде болгон жаңжалдан каза тапкандардын элесине Кыргызстанда эки күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жаңжалда курман болгондордун элесине 1-2-майды Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Анда: "2021-жылдын 29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди.

Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен төмөндөгүдөй токтом кылынат:

— 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;

— улуттук аза күтүү күндөрүндө өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн;

— улуттук аза күтүү күндөрүндө маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн"делди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү жайды көзөмөлдөөнүн айынан келип чыккан куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан каза болгондордун саны 33, жаракат алгандардын саны 163 деп билдирилген болчу.

Тажик басма сөзү да жаңжалдан 8 тажик жараны каза болуп, 90дон ашуун адамдын жаракат алганын жазып чыкты.

Жаңылыктарда окуя болгон Чоркух айылында жашаган 100гө жакын аялдар менен балдардын Исфара шаарына эвакуациялангандыгы баса белгиленди.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки лидер май айынын экинчи жарымында Тажикстандын борбор шаары Душанбеде жолугушуу үчүн макулдашты.

Эки өлкө, өкмөттөр аралык чек араны аныктоо комитеттеринин да 1-майда Кыргызстандын Баткен облусунда чогулуусуна макул болушкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу аймакта суу бөлүштүрүүчү жайга байланыштуу эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда 3 күн мурун башталган мушташ мурдагы күнү куралдуу жаңжалга айланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери 29-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 20: 00дөн баштап аймакта толук ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн алар жайгаштырылган мурунку жерлерге алып кетүү жөнүндө макулдашышкан болчу.



Тектеш кабарлар