Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу дипломатиялык сүйлөшүүлөр уланып жатат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Имомали Рахман менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

1632061
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу дипломатиялык сүйлөшүүлөр уланып жатат

Кыргызстан Тажикстандын чек арага аскер күчүн тартып жатканын билдирди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (Чалгындоо агенттиги) Чек ара кызматынын басма сөз борбору тараткан билдирүүдө, "Төрт көчө" деп аталган калктуу конуштан өткөн жолду тажик тараптын толугу менен жаап салгандыгы белгиленди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Имомали Рахман менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал талкууланды.

Премьер-министрдин пресс-борбору тараткан билдирүүдө болсо Кыргызстандын жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчыларынын төрагалыгы астында чек араны аныктоо боюнча комиссиянын жыйыны Кыргызстандын Баткен шаарында башталганы маалымдалды.

Экинчи жагынан, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Казакстандын Президентик аппаратынын Басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө караганда, Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Имомали Рахман менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Токаев президент Жапаровго жана боордош кыргыз элине жаңжалда курман болгондор үчүн көңүл айтты.

Жапаров кесиптеши Токаевге жана боордош Казакстанга ыраазычылык билдирди.

Токаев Тажикстандын президенти Рахман менен сүйлөшүүсүндө да Кыргызстандын чек арасындагы чыр-чатакка байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, мындай кырдаал коңшу мамлекеттердин жана алардын элдеринин коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткандыгын баса белгиледи.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү жайды көзөмөлдөөгө байланыштуу чыккан куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан курман болгондордун саны 33, жаракат алгандардын саны 163 деп билдирилип, 1-2-май күндөрү Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланган болчу.

Тажик басма сөзү да жаңжалдан 8 тажик жараны каза болуп, 90дон ашуун адам жаракат алганын жазып чыкты.



Тектеш кабарлар