Шентоп: «Армениянын Азербайжандын аймагында баскынчы болгондугу аныкталган чындык»

Шентоп Түркмөнстандын Парламенти тарабынан уюштурулган «Эл аралык тынчтыкты жана ишенимди бекемдөөдөгү парламентарлардын ролу» аттуу жыйналышка онлайн түрүндө катышты.

1630224
Шентоп: «Армениянын Азербайжандын аймагында баскынчы болгондугу аныкталган чындык»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, «Армениянын Азербайжандын аймагында баскынчы болгондугу эл аралык укукка жана эл аралык мыйзамдарда белгиленген мекемелерге ылайык аныкталган чындык»,-деди.

Шентоп Түркмөнстандын Парламенти тарабынан уюштурулган «Эл аралык тынчтыкты жана ишенимди бекемдөөдөгү парламентарлардын ролу» аттуу жыйналышка онлайн түрүндө катышты.

Армения парламентинин спикери Арарат Мирзояндын Түркияга каршы билдирүү жасагандан кийин жыйындан чыгып кеткенин белгилеген парламент төрагасы Шентоп: «Бир аз мурда Армения парламентинин спикери сүйлөгөн сөзүндө анын Түркияга каршы билдирүүлөрү жана сөздөрү болду. Мен андан бул жыйындан кетпешин, өзүнүн сөздөрүнө жооп катары айтылган сөздөрдү угаарын күткөн элем. Эгерде сизде бир мамлекетке каршы айтылган сөз бар болсо, анда анын бере турган жообун уга тургандай эр жүрөк дагы болушуңуз керек»,-деди.

Шентоп, Түркиянын Арменияны коркунуч, тобокелге салган жана Азербайжанга каршы дагы, регионалдык дагы жоопкерчиликсиз мамиле кылган мамлекет деп эсептээрин айтты.

Шентоп: «Армения - Азербайжан аймагынын 20 пайызын 30 жылдан ашуун убакыттан бери ээлеп турган мамлекет. Армения баскынчы деп ким айтат; Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ар кайсы мезгилдеги 4 токтому менен Армения Азербайжандын аймагындагы баскынчы экени аныкталган. Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы. Арменияны баскынчы деп ким айтат; Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму. Ошондуктан, Армениянын Азербайжан аймагында баскынчы экендиги, эл аралык укукка жана эл аралык укукта белгиленген институттарга ылайык далилденген факт»,-деди.

Армениянын Азербайжан менен болгон кагылышуусунда агрессивдүү абалда экендигин айткан Мустафа Шентоп, 2020-жылы 27-сентябрда Армениянын кол салуусу менен күчөгөн жаңжал болгонун эске салды.

Парламент төрагасы Шентоп, Армения жарандык буталарга кол салган тарап экендигин жана бул Женева конвенциясына каршы согуш кылмышы болуп эсептелээрин билдирди.

Шентоп 2020-жылы 20-октябрда Азербайжанга жасаган иш сапарында Генжеге барганын жана Армениянын карапайым адамдарга кандайча кол салганын, аялдар менен балдарды кырып, жарадар кылып, майып кылганын өз көзү менен көргөнүн айтты.

Армениянын жаңжал учурунда жаңжалдын тышындагы Нахчыван сыяктуу аймакка кол салуу менен жаңжал болгон аймакты кеңейтүү жана коңшу өлкөлөрдү ушул жаңжалга тартуу максатында агрессивдүү иш-аракет жасагандыгын баса белгилеген Шентоп: «Түркия ар дайым эл аралык укуктун, регионалдык тынчтык үчүн коркунучтарга жана коркунуч келтирген мамилелерге каршы тынчтыкты жана адилеттүүлүктү жактап келген. Түркиянын Азербайжан менен болгон мамилеси достук жана бир туугандык мамилелерден тышкары Азербайжандын адилеттүүлүгүнө байланыштуу жана аймактык тынчтыкка коркунуч туудурган элементке каршы мамилеси жөнүндө позиция болуп саналат»,-деп  баасын берди.



Тектеш кабарлар