Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Кыргыз Республикасынын Элчисин кабыл алды

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевди Түрк Кеңешинин Катчылыгынын борборунда кабыл алды.

1616108
Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Кыргыз Республикасынын Элчисин кабыл алды
TÜRK KONSEYİ AMREYEV-BÜYÜKELCİ ÖMÜRALİYEV 1.jpg
TÜRK KONSEYİ AMREYEV-BÜYÜKELCİ ÖMÜRALİYEV 2.jpg
TÜRK KONSEYİ AMREYEV-BÜYÜKELCİ ÖMÜRALİYEV 3.jpg
TÜRK KONSEYİ AMREYEV-BÜYÜKELCİ ÖMÜRALİYEV 4.jpg

2021-жылдын 6-апрелинде, Стамбул шаарында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши -Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевди Түрк Кеңешинин Катчылыгынын борборунда кабыл алды.

Кыргыз элчиси, Түрк Кеңешинин Катчылыгынын жаңы имаратында башкы катчыга келгенине кубанычын билдирип, ага жана бардык кызматкерлерге уюмдун ишинде ийгиликтерди каалады. Элчи башкы катчыга Кыргызстандын мүчө мамлекеттер менен саясий, экономикалык жана соода мамилелериндеги акыркы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берди.

Түрк Кеңешинин кызматташтыктын жаңы дооруна киришинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, элчи видеоконференция ыкмасы менен 2021-жылы 31-мартында болгон расмий эмес Түркстан саммитинин натыйжалуулугуна жана байлыгына көңүл бурду.

Башкы катчы Элчиге сапары үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө Кыргызстандын кошкон зор салымы жана жигердүү катышуусу менен канааттангандыгын билдирди.

Башкы катчы Түрк Кеңешинин күн тартибиндеги акыркы окуялар менен катар уюмдун күн тартибиндеги экономика, соода жана инвестиция жаатында жүргүзүлүп жаткан демилгелерин элчи Өмүралиев менен бөлүшүп, өзгөчө сооданы жеңилдетүү үчүн жамааттык стратегияны аныктоого жана түрк каржы институттарын түзүү маселелерине көңүл бурду.

Элчи Башкы катчыга Катчылыктын жемиштүү иши жана бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн бир туугандык жана биримдик рухун чыңдоо аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибине байланыштуу бир катар маселелер боюнча пикир алмашышты.

Булак: Turkic Council



Тектеш кабарлар