Фахреттин Алтун казак министри Балаева менен жолугушту

Президенттин Коммуникация башкармалыгындагы жолугушууда эки өлкөнүн ар тараптуу карым-катнаштары каралды.

1616028
Фахреттин Алтун казак министри Балаева менен жолугушту

Президенттин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

Президенттин Коммуникация башкармалыгындагы жолугушууда Түркия жана Казакстандын карым-катнаштары менен катар коомдук дипломатия иш-аракеттери, жана ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы маданият, байланыш жана медиа жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Фахреттин Алтун түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы тилектештиктин духун түрк-казак мамилелеринде көргөндүктөрүн, медиа жана коммуникация жаатында өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү менен эки тараптуу мамилелерди байытарын баса белгиледи.

Медиа, кино жана телесериалдар, ошондой эле коомдук дипломатия жаатында Казакстан менен сындуу кызматташтыкка барышарын белгилеген Алтун, эң кыска убакта биргелешкен жумушчу топ түзүп, конкреттүү кадамдарга барышарын белгиледи.

Казакстандын министри Аида Балаева сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн мамилесин тездетээрине ишенгенин билдирип, айрыкча медиа жаатында кызматташуу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар