Кечиөрен муниципалитети элчилердин катышуусунда Нооруз иш-чарасын уюштурду

Муниципалитеттин башчысы Тургут Алтынок: «Нооруз, бул дүйнөдөгү тынчтыкка аз да болсо салым кошот деп үмүттөнөм. Бир тууган өлкөлөр өз ара мамилелерин өркүндөтүшү керек. Биздин бар болушубуз, келечегибиздин коопсуздугу ушулардан көз-каранды»,-деди.

1605530
Кечиөрен муниципалитети элчилердин катышуусунда Нооруз иш-чарасын уюштурду
NEVRUZ KEÇİÖREN 4.jpg
NEVRUZ KEÇİÖREN 5.jpg
NEVRUZ KEÇİÖREN 9.jpg
NEVRUZ KEÇİÖREN 23.jpg
NEVRUZ KEÇİÖREN 2.jpg
NEVRUZ KEÇİÖREN 27.jpg

Кечиөрен муниципалитети тарабынан элчилердин катышуусунда Нооруз иш-чарасы өткөрүлдү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстандын Анкарадагы элчиликтеринин салымы менен Кечиөрен муниципалитетинин алдында уюштурулган программа катышуучу өлкөлөрдүн гимндерин ойноо менен башталды..

Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок, Нооруз - Эргенекондон чыккан түрктөрдүн эпосу экендигин жана ал кайрадан жаралууну билдирерин айтты.

Улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрктүн 1922-жылы 22-мартта Республика жарыяланардан мурун Кечиөренде Нооруз программасын уюштургандыгын айткан Алтынок: «Бүгүн биз дагы бир жолу майрамдап жаткандыгыбызга кубанычтабыз. Нооруз - бул адамзаттын жазы. Тилекке каршы цивилизация, адамзат, демократия жана эркиндик деп аталган мезгилде адамзаттын эң зор ырайымсыздыгына, азап-тозогуна жана геноцидине күбө болуп жатабыз, бул абдан капага салат. Нооруз Сирия, Ирак, Ливия, Йемен, Чыгыш Түркстанда зулумдукка дуушар болгон боордошторубуздун куткарылышынын, биримдигинин жана тилектештигинин каражаты болсун»,-деп айтты.

Нооруз дүйнөдөгү тынчтыкка салымын кошот деген үмүт менен Алтынок: «Бир тууган өлкөлөр өз ара мамилелерин өнүктүрүшү керек. Биздин бар болушубуз, келечегибиздин коопсуздугу ушулардан көз-каранды»,- деди.

Ага катышкан өлкөлөрдүн элчилеринин куттуктоосунан кийин түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн улуттук  ыр- бийлери аткарылды.

Алтынок, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов, Элчилер жана Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу Нооруз  отун жагып, балка менен темирди урушту.

Андан соң Тургут Алтынок Элчилер менен бирге катышкан өлкөлөр үчүн курулган шатёрлорду кыдырып даам ооз тийшти.

Боз үй тигилип башкалардыкынан айырмаланып турган Кыргызстандын бөлүмүнө келишкенде элчи Кубанычбек Өмүралиев кыргыз даамдарынан ооз тийүүгө чакырып, кыскача маалымат берип баарлашышты.  Тургут Алтынок кыргыз тамактарын абдан жактырып дасторконду даярдаган жарандар жана коноктор менен бир топко баарлашты.

Иш-чара жаа атуу жана ыр-бийлер менен улантылды.

 

 



Тектеш кабарлар