Хожалы кыргыны Бишкекте эскерилди

Азербайжандын Бишкектеги элчилиги тарабынан уюштурулган программага элчилер, академиктер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана ишкерлер катышты.

1590099
Хожалы кыргыны Бишкекте эскерилди
hocali katliami kirgizistan anma1.jpg
hocali katliami kirgizistan anma.jpg

1992-жылы Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы шаарында 613 адамдын, анын ичинде аялдар менен балдардын кыргынга учуратылышынын 29 жылдыгына карата Кыргызстандын борбору Бишкекте эскерүү программасы болуп өттү.

Азербайжандын Бишкектеги элчилиги тарабынан уюштурулган программага элчилер, академиктер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана ишкерлер катышты.

Программада Ходжалыда курман болгондордун жаркын элестери бир мүнөт туруп эскерилди жана кыргын жөнүндө баяндалган «Хожалы» даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Азербайжандын Бишкектеги элчиси Хидает Оручев бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Армениянын аскер күчтөрү 1992-жылы 26-февралда 7 миң калкы бар Хожалы шаарында «геноцид» кылгандыгын эске салды.

«Бул кырсык бир гана Азербайжан элине эмес, жалпы адамзатка каршы жасалган эң чоң масштабдуу кылмыштардын бири. Азербайжан 44 күнгө созулган согуштан кийин укмуштуудай жеңишке жетишти, 30 жылдан кийин биздин жерлер оккупациядан бошотулду. Армян шовинисттеринин ырайымсыздыгы биздин эсибизден эч качан кетпейт. Биз ар дайым Хожалыда курман болгондорду эскерүүнү улантабыз»,-деди.

Оручев, Азербайжандын Тоолуу Карабахтагы жерлеринин басып алуудан бошотулушу үчүн жүргүзүлгөн операциядан мурда жана ошол убакта Түркиянын моралдык, саясий жана дипломатиялык колдоо көрсөткөнүн белгилеп: «Түркия, Азербайжанды гана колдогон жок, Түркия «адилеттүүлүктү» колдоду. Биз бул үчүн бир тууган Түркияга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди колдогон башка өлкөлөргө дагы ыраазыбыз»,-деди.

Хожалыдагы коргоосуз аялуу адамдар кыргынга учураганын белгилеген Түркиянын Бишкектеги элчиси Камил Фират Женгиз: «Даңазалуу Азербайжан армиясы Тоолуу Карабахты бошотту. Бүгүнкү күндөн баштап Карабах жерлери азаттыкка жетти. Биздин алдыбызда кайра куруунун этабы бар. Түркия курулуш темасында калыбына келтирүү боюнча Азербайжанды колдойт»,деп айтты.



Тектеш кабарлар