Элчи К.Өмүралиев Кечиөрен муниципалитетинин башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту.

1586428
Элчи К.Өмүралиев Кечиөрен муниципалитетинин башчысы менен жолугушту

2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту.

Тараптар Кечиөрен муниципалитети менен Кыргызстандын муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү жана иш сапарлары менен алмашуу зарылдыгын белгилешти.

К.Өмүралиев буга чейин муниципалитет тарабынан кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 2019-жылдын декабрь айында туулган күнүндө анын атындагы сейил бакка орнотулган бюсту үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кечиорен муниципалитетинин имаратынын алдындагы аянтта Манастын эстелигин орнотуу, ошондой эле «Эстергон чеби» деп аталган Түрк маданият борборунан кыргыз элдик чыгармачылыгынын улуттук буюмдарын көргөзмөгө коюу жана сатуу үчүн атайын жай бөлүп берүү боюнча макулдашууну тастыкташты.



Тектеш кабарлар