Азербайжандык 10 ардагер Түркияда дарыланат
"Жашат фонду" буга чейин үч ардагерди дарылоо үчүн Түркияга жөнөткөн болчу.
1586338
Тоолуу Карабахтагы согушта жаракат алган 10 азербайжандык ардагер Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.
Шейит үй-бүлөлөрү жана ардагерлердин көйгөйлөрүн чечүү үчүн Азербайжан өкмөтү тарабынан түзүлгөн "Жашат фондунун" билдирүүсүндө, азербайжандык дарыгерлердин пикирин эске алуу менен 10го жакын ардагерди дарылоо процессинин Түркияда улантыла турганы маалымдалды.
Билдирүүдө "Жашат фондунун" мындан ары да зарылчылык болсо оор жаракат алган ардагерлерди чет өлкөгө дарыланууга жиберүүнү камсыздай турганы белгиленди.
"Жашат фонду" буга чейин үч ардагерди дарылоо үчүн Түркияга жөнөткөн болчу.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.