Карабахта түрк жана орус аскерлери кызмат кыла турган биргелешкен борбор ишин баштады

Агдам шаарында Түрк-орус биргелешкен борбору түзүлдү.

1574080
Карабахта түрк жана орус аскерлери кызмат кыла турган биргелешкен борбор ишин баштады

Карабахтагы ок атышпоо режимине байкоо сала турган Түрк-орус биргелешкен борбору бүгүн ишин баштады.

Карабахта ок атышпоону көзөмөлдөө жана байкоо салуу максатында түзүлгөн Түрк-орус биргелешкен борборуна байланыштуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 11-ноябрда кол коюлган.

Түркия, бир генерал жана 38 кызматкер иштей кыла турган биргелешкен борбордун негизинде аймактагы ок атышпоонун уланышына, тынчтык жана туруктуулуктун камсыздалышына салым кошот.

Азербайжандын аймагындагы ок атышпоо режимин көзөмөлдөө үчүн оккупациядан бошотулган Агдам шаарында Түрк-орус биргелешкен борбору түзүлдү.

Келишимге кол коюлгандан бери түрк жана орусиялык делегациялар борборду түзүү үчүн биргеликте иш алып барып жатышкан. Түрк жана орус аскерлери кызмат кыла турган биргелешкен борбор бүгүнтөн баштап иштей баштады.



Тектеш кабарлар