ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ баш катчыcы Дүйсен Касеинов, Кыргызстандагы Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Нуркожоевич Жапаровго өз куттуктоосун жарыялады.

1562246
ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ баш катчыcы Дүйсен Касеинов, Кыргызстандагы Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Нуркожоевич Жапаровго өз куттуктоосун жарыялады.

Ал жарыясында төмөнкөлөргө токтолгон.

 

                                                                                 Кыргыз Республикасынын
                                                                                          жаңы шайланган Президенти
                                                                                          С.Н.Жапаровго                                                                              
                                                         

Урматтуу Садыр Нургожо уулу!

 

Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ баш катчылыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан сизди Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоосунда улуу жеңишке жетишкендигиңиз менен чын ыкласымдан куттуктаймын!

Болуп көрбөгөндөй курч саясий  кырдаалда жана зор атаандаштыкта өткөн кезексиз шайлоодо Кыргызстандын калкынын өзгөчө колдоосуна ээ болгондугуңуз сиздин кадыр-баркыңыздын зор экендигин тастыктап турат. Ошондой эле карапайым калктын ишенимине сизчелик ээ болгон жана алардын үмүт отун өзгөчө жандырган окуя  соңку жылдары боло электигин баса белгилемекчимин.

Демократияны туу туткан Кыргыз Республикасын экономикалык кыйынчылыктардан арылткан, ургаалдуу өсүп-өнүгүүгө жол ачкан жана жеткирген акжолтой Президент болушуңузду чын жүрөгүмдөн каалаймын! Анүчүн жеке өзүңүздө жана үй-бүлөңүздө аманчылык менен бакубатчылык, өлкөңүздө тынчтык менен стабилдүүлүк болсун!

ТҮРКСОЙдун түрк дүйнөсүндө аткарар иштери арбын. Анын бир кыйласы Кыргызстан менен түздөн-түз байланышкан. Сиздин дооруңузда дагы карым-катнаш салтыбыз байма-бай уланарына, ТҮРКСОЙдун эл аралык иш-чараларын, долбоорлорун жигердүү колдоп турарыңызга ишенимибиз чоң.

Жылдызыңыз  тарых бийиктигинен жансын!

 

ТҮРКСОЙ баш катчысы      

Дүйсен КАСЕИНОВ

 



Тектеш кабарлар