Түркиядагы кыргыз жарандары Элчиликте добуш берип жатышат

2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин астында №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

1560713
Түркиядагы кыргыз жарандары Элчиликте добуш берип жатышат
SEÇİM KIRGIZİSTAN 2.jpg
SEÇİM KIRGIZİSTAN 4.jpg
SEÇİM KIRGIZİSTAN 5.jpg

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Референдумду өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин астында №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

Түркияда дем алыш күндөрү көчөгө чыгуу боюнча чектөө иш-чараларынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркия Республикасынын тиешелүү мекемелери менен КРнын жарандарынын 2021-жылдын 10-январында КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылган.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар