Алиев 2020-жылга баа берүү жыйналышын өткөрдү

Алиев экономика кызматкерлери менен 2020-жылга баа берүү жыйынын өткөрдү.

1558760
Алиев 2020-жылга баа берүү жыйналышын өткөрдү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Арменияны жеңип, 30 жылдан бери оккупацияда турган жерлерди куткаруу анын өлкөсүнүн 2020-жылы жетишкен эң негизги натыйжасы болгонун айтты.

Алиев экономика кызматкерлери менен 2020-жылга баа берүү жыйынын өткөрдү.

Видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн Алиев: «2020-жылдын негизги жыйынтыгы - бул жерлерибизди оккупациядан бошотуу болду. Азербайжан тарыхый жеңиш менен 44 күндүн ичинде өз жерлерин сактап калды, душмандарга кыйраткыч соккуларды уруп, Арменияны жеңди»,-деди.

Алиев Армениянын жеңилгендигин мойнуна алган декларацияга кол койгонун, натыйжада Азербайжан басып алынган калган үч провинцияны саясий жолдор менен кайтарып алгандыгын билдирди.

31-декабрда Түштүк газ коридорунун акыркы бутагы болгон Транс-Адриатика кууру (TAP) иштей баштаганын айткан Алиев: «Тарыхта биринчи жолу Азербайжандын жаратылыш газы Европада. Бул биздин тарыхый жетишкендигибиз»,- деди.

Алиев Дүйнөлүк Банктын Бизнес жүргүзүү жеңилдиги индексинде Азербайжан 190 мамлекеттин арасында 28-орунду ээлеп, эң реформист өлкөлөрдүн алдыңкы 10 сабына киргенин белгиледи.



Тектеш кабарлар