БУУ Кыргызстандагы саясий кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берүүгө даяр

БУУ Кыргызстандагы окуяларга тынчсызданууда.

1506313
БУУ Кыргызстандагы саясий кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берүүгө даяр

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктардан кийин башталган саясий кризисте бардык тараптарды "күч колдонуудан алыс болууга" чакырып, тынчтык жолу менен чечүү үчүн жардам сунуштады.

БУУнун Башкы катчысынын маалымат катчысы Стефан Дюжаррик өз билдирүүсүндө, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга тынчсызданып жатышкандыгын айтты.

Бардык тараптарды "күч колдонуудан алыс болууга" чакырган Дюжаррик, БУУнун кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган оппозициялык партиялардын тарапкерлери президенттин жана парламенттин имаратын ээлеп, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы депутат Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарышкан болчу.



Тектеш кабарлар