Казакстанда тынымсыз 75 күү чертилди

Коюлган максаттын Гиннесстин рекорддор китебине кирүү экени билдирилди.

1361618
Казакстанда тынымсыз 75 күү чертилди

Казакстанда салттуу элдик музыка тобу, Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн тынымсыз 75 күүнү чертти.

Борбор шаар Нур-Султанда Алтын Ордо мамлекетинин 750 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында Нур-Султан филармониясынын элдик фольклордук ансамбли "Коркыт" концерт койду.

Бул ансамбль, улуттук музыкалык аспаттар менен чет элдик жана казак композиторлордун 75 чыгармасын тынысымсыз аткарып берди.

Нур-Султан филармониясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө алгач ирет тыныгуу бербестен 75 чыгарманын аткарылгандыгын белгилеп, коюлган максаттын Гиннесстин рекорддор китебине кирүү экени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар