Элчи Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү Малатьяда түшүндүрдү

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Малатья шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Огузхан Ата Садыкоглу менен жолугушуп, пикир алмашты.

1343222
Элчи Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү Малатьяда түшүндүрдү
элчи Өмүралиев Малатья2
Губернатор Малатьи.jpeg

2020-жылдын 14-15 январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Малатья шаарына иш сапары болуп ѳттү. 

Иш сапардын алкагында, Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Малатья шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Огузхан Ата Садыкоглу менен жолугушуп, Палатанын мүчѳлѳрүнѳ Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө(төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берди.  Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев ишкерлердин 2020-жылы боло турган кыргыз-түрк бизнес-форумуна  чакырып, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Андан кийин элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Малатья шаарындагы текстиль, көтөрүү жабдууларды ж.б. чыгарган 1-чи Уюштурулган өнөр-жай зонасынын бир нече компанияларына барды. Ошондой эле, Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Инөнү Университетинин алдындагы «Технокент» (технопарктын) иш-аракеттери менен таанышты.

                Малатья провинциясындагы MÜSAİD филиалынын мүчѳлѳрү жана башчысы Мухаррем Пойраз менен болгон жолугушууда, элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, иш адамдарды кыргыз-түрк бизнес-форумуна чакырды.  Тараптар кыргыз иш-адамдары менен кызматташтыкты түзүү максатында, MÜSAİDтин 25 ишкерлеринен турган делегациянын Элчиликтин жардамы менен Кыргызстанга келе тургандыгы боюнча макулдашышты.

            Маалымат катары: MÜSİAD - 1990-жылы Стамбулда түзүлгөн Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлердин коому, жарандык уюм.



Тектеш кабарлар