Айтматов Анкарада эскерилди

Эстелик  Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиөрен Мэриясы тарабынан жасатылып, тургузулду.

1323669
Айтматов Анкарада эскерилди
айтматов элчилик1.jpg
айтматов элчилик2.jpg
айтматов элчилик3.jpg
айтматов элчилик4.jpg
айтматов элчилик5.jpg
айтматов элчилик6.jpg
айтматов элчилик7.jpg

2019-жылдын 12-декабрында Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде жайгашкан “Чыӊгыз Айтматов” атындагы сейил бакта улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземи болуп ѳттү. Эстелик  Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиөрен Мэриясы тарабынан жасатылып, тургузулду.

Иш чарага Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок, Анкарадагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилер, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн  өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев, Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок жана Кечиөрен муниципалитетинин акими Угур Булут саламдашуу жана улуу жазуучуну эскерүү сөздѳрүн сүйлѳштү.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев өз сөзүндө улуу жазуучубуз Айтматовдун эстелигинин ачылышындагы иш- чарага активдүү катышкан бардык конокторго, жазуучунун күйөрмандарына, Кечиөрен муниципалитетинин башчысына жана айкелчилерге терең ыраазычылыгын айтып ѳттү.

Айтматов сүрөткер, ойчул жана адабияттын көрүнүктүү ишмери катары биздин замандын эӊ улуу жазуучуларынын бири экендигин баса белгилеп, иш-чара дагы бир жолу Айтматовду баардыгыбызга эскертти деген ишеничин билдирди.

Иш-чаранын алкагында Түркиянын аймагындагы кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусу менен күүлѳр жана ырлар жаӊырды.



Тектеш кабарлар