Кыргызстанда түрк сериалдары элдердин ынтымагын чыңдоодо

Ахыска түрктөрү коомунун башчысы Атамша Дурсунов, Анадолу агенттигине маалымат берди.

1313066
Кыргызстанда түрк сериалдары элдердин ынтымагын чыңдоодо

Кыргызстандагы ахыска түрктөрү коомунун башчысы Атамша Дурсунов, өлкөдөгү ахыска түрктөрүнүн түрк сериалдарын абдан кызыгып көргөндөрүн белгилеп, «Түрк тарыхый сериалдарынын элибизге абдан көп пайдасы болууда. Түрк сериалдары көрүүчүлөрүнө тарыхый маалымат берет жана мекен сүйүүчүлүктү чыңдайт»,-деди.

Ахыска түрктөрү коомунун башчысы Атамша Дурсунов, Анадолу агенттигине берген маалыматында түрк сериалдарынын бириктирүүчү ролуна көңүл буруп, сериалдардын эки өлкөнүн карым-катнаштарына салым кошконун айтты.

Улуттук телеканалдардагы түрк сериалдарынын дагы көбөйүшүн каалагандарын айткан Дурсунов: «Кыргыздардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө түркчө сүйлөй алат. Өлкөдөгү кыргыздар, ахыска түрктөрү жана ал эмес орустар дагы түрк сериалдарын көрүүдө. Бул болсо бизди сыймыктандырат. Түрк сериалдары элдердин ортосундагы карым-катнаштын өнүгүүсүн камсыздоодо. Түрк сериалдары элдердин аралашуусуна жардам берүүдө. Түрк сериалдары элдерди бириктирет. Туугандык көпүрөсүн бекемдейт»,-деп айтты.

Дурсунов, «Дирилиш Эртугрул» сериалынын акыркы убактарда эң көп көрүлгөн сериалдардын арасында орун алганын белгилеп эне тили түркчө болгон ахыскалардын сериалдар аркылуу Стамбул түркчөсү менен сүйлөгөнүн байкаганын жана буга кубангандарын кеп кылды.

Ахыскалар сериалдарда эң көп Түркияны, өлкөнүн табиятын, салттык сахнасын, тарыхый жерлери менен насаатты камтыган сөз сүйлөөлөрдү жактырат.

Сериалдар ахыска түрктөрүнүн социалдык жашоо ыкмасын, той уюштурууларын жана маектешүүлөрүнө чоң өлчөмдө таасир берсе, сериалдарга өткөн сүйлөмдөрдүн күнүмдүк сөз сүйлөө тилине да чагылышканы байкалат.

Ахыскалардын сүннөт жана той салттарынын ачылышында жана жабылышында «Дирилиш Эртугрулдун» таанытуу музыкалары колдонулууда.

Үйлөнүү үлпөттөрүндө айрыкча «Дирилиш Эртугрулдан» таасир алып кылыч калкан көтөргөн бийчилер тобунун кыскача өнөрлөрүнө да орун берилет.



Тектеш кабарлар