Кыргызстанда түрк тилин үйрөтүүчү борборлор көбөйүүдө

Кыргыз Улуттук Университетинде Түрк тилин үйрөтүү борбору ачылды.

465866
Кыргызстанда түрк тилин үйрөтүүчү борборлор көбөйүүдө

Кыргыз улуттук университетинде Түрк тилин үйрөтүү борбору ачылды.

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы «Жусуп Баласагын» атындагы Кыргыз Улуттук университетинде түзүлгөн Түрк тилин уйрөтүү борборунун ачылышына Туркиянын Бишкекткеги ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, университеттин ректору Чынара Адамкулов жана Түркиянын элчилигинин билим берүү боюнча жетекчиси Режеп Сула катышты.

Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, ачылыш сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тил үйрөтүү менен өнүктөрө алаарыбызды баса белгиледи.

Түрк тилин үйрөтүү борборунун ачылышындагы кубанычын ортого салган университеттин ректору Чынара Адамкулова илим, билим айдыңында тажырыйбаларынан бөлүшүү максатында Түркиянын 9 университети менен келишим түзгөндүктөрүн айтты.

Ачылышка катышкан билим берүү жетекчиси Режеп Сула да билим, коопсуздук кызматтарынын жана кээ бир башкармалыктарда ачылган Түрк тилин үйрөтүү курстары бул жылы жалпысынан 3 миң 400 кыргызстандык жаранга кызмат көрсөтөөрүн айтты.

Ачылышта аталган университет менен Туркия элчилигинин билим берүү жетекчилиги ортосунда 5 жылдык илим жана билим темаларында кызматташуу протоколуна кол коюлду.



Тектеш кабарлар