Түрк басма сөзү 19.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2104003
Түрк басма сөзү 19.02.2024

«Ватан» гезити «8 террорист жок кылынды» аттуу кабарында террорго каршы күрөштүн өлкөнүн ичинде жана чек аранын тышында чечкиндүү түрдө уланып жатканын жазган. Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында 8 террористтин таасирсиз абалга келтирилгени белгиленди.

«Сабах» гезити «Путин: «Эң ишенимдүү өнөктөш Түркия» аттуу маалыматында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Европаны катуу сынга алып: «Алар тынымсыз Орусиянын энергетикалык ресурстарды бербегенин, чектегенин айтып жатышат. Биз эч нерсеге чек койгон жокпуз, баарын камсыз кылып жатабыз. Эң ишенимдүү өнөктөш да түрктөр болду. Газ ташуу Түрк агымы аркылуу ишке ашууда»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Министр Кажыр Сауд Арабиянын инвестиция министри менен жолугушту» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын кечээ Стамбулда Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугушканын билдирген. Министр Кажыр социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды дагы да алдыга жылдыра турчу кадамдарды сүйлөшкөндөрүн кабарлады.

«Стар» гезити «Түркиянын аба мейкиндиги ата мекендик жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен көзөмөлдөнөт» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан Түркиянын биринчи ата мекендик жана улуттук жарандык байкоочу радардын талаада ийгиликтүү кабыл алынганын жана Газиантеп аэропортунда кызмат кылууга даяр экенин билдиргенин жазган.

«Хабертүрк» гезити «Маданият жана туризм министри Эрсой: 2028-жылы 100 миллиард долларды көздөйбүз» аттуу кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун, туризмде көрсөткүчтүн күндөн-күнгө жогорулаганына көңүл буруп, 2028-жылы турист саны боюнча дүйнөдө алдыңкы 3 орунга чыгуу менен 100 миллиард долларлык киреше табууну максат кылгандарын айтканын билдирген.



Тектеш кабарлар