Түрк басма сөзү 20.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2141512
Түрк басма сөзү 20.05.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган жаштар менен жолугушту» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамында жаштар менен жолугушканын билдирген. 19-майдын эркиндиктин символу экенин айткан президент Эрдоган, Түркиянын эң чоң күчү жана үмүтүнүн жаштар экенин баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Боштондук күрөшүнүн руху 105 жашта» аттуу маалыматында 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынын өлкөнүн бардык жеринде кубанычтуу белгиленгенин жазган. Жарандар Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирге барышты. Аныткабир атайын дептерине кол койгон Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак: «Өлкөбүздү жана желегибизди ар дайым даңазалайбыз»,-деди.

«Стар» гезити «Кара деңизде жаратылыш газы табылган болчу, кезекте мунайдын табылышы бар» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, Кара деңизде жаратылыш газы табылгандан кийин аймактан мунайдын да табылышы мүмкүн экенин айтканын билдирген. Министр Байрактар, Кара деңизде мунай издөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Жакында жакшы кабарды бөлүшөбүз деп үмүттөнөм»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Мадуро Түркия менен келишимге кол койду» аттуу маалыматында Венесуэланын президенти Николас Мадуронун, Стамбулда Түркия менен кол коюлган инвестиция келишиминин Венесуэладагы бекитүү процессинин аяктаганы билдирилген документке кол койгонун жазган. Мадуро: «Досум президент Режеп Таййип Эрдоганга саламымды жолдойм»,-деди.

«Ватан» гезити «Стамбул биржасына чет элдик кызыгуу» аттуу кабарында чет элдик инвесторлордун Стамбул биржасындагы үлүшүнүн 40 пайызга жеткенин билдирген. Түркиянын экономикасындагы өсүүлөр жана оң отчеттор чет элдик кызыгууну дагы да арттыра тургандай көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар