Түрк басма сөзү 03.01.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2083414
Түрк басма сөзү 03.01.2024

«Сабах» гезити «Эрдоган: Республика тарыхындагы экспорт рекорду жаңырды» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүсүндө, 2023-жылдагы экспорттун мурунку жылга салыштырмалуу 0,6 пайыздык өсүү менен 255 миллиард 809 миллион долларга жеткенин белгилеп: «Республика тарыхыбыздын экспорт рекорду жаңыланды»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «ПККнын жооптуусу Сүлейманиеде таасирсиз кылынды» аттуу маалыматында Улуттук чалгындоо уюму, террордук уюм ПККнын баңгизат жооптууларынан Абдулмуталип Догружини Сүлейманиенин элет жеринде жок кылганын билдирген.

«Стар» гезити «Грецияда 'Түркияга' басым жасалды» аттуу кабарында Грециянын басма сөзүндө Түркия-Греция мамилелерине байланыштуу талдоо жарыяланганын жазган. Грециянын мамлекеттик каналы ERT: «2024-жыл түрк-грек карым-катнаштары үчүн абдан маанилүү»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Карабүкте табылган кумурадан 1400 жылдык 10 даана тыйын чыкты» аттуу маалыматында Карабүктун Эскипазар районундагы байыркы Адрианополис шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде, кумурадан болжол менен 1400 жылдык 10 даана тыйын табылганын билдирген. Тыйындардын Констан IIге жана биздин замандын 641-666-жылдарына таандык экени айтылды.

«Хүррийет» гезити «Антальяда туризм рекорду жаңырды» аттуу кабарында Антальянын өткөн жылы 15 миллион 689 миң 258 чет элдик туристти тосуп алып, бардык мезгилдердин рекордун жаңылаганын жазган. Шаар өткөн жылы эң көп 3 миллион 461 миң 762 турист менен Орусиядан келген конокторду кабыл алды.



Тектеш кабарлар