Түрк басма сөзү 27.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2081555
Түрк басма сөзү 27.12.2023

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган: 36 саатта 54 террорист жок кылынды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүсүндө терроризм менен күрөшүү темасына токтолуп: «Түркиянын көтөрүлүүсүнө тоскоол болгон жийиркеничтүү террордук кол салуулар биздин куттуу жүрүшүбүздү эч качан токтото албасынын билинишин каалайм. 36 саатта 54 террорист жок кылынды. Шейиттерибиздин каны эч качан жерде калбайт»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Министр Фидан америкалык кесиптеши менен сүйлөштү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу процесстин Түркия Улуу Улуттук Жыйынында уланып жатканын белгилеген министр Фидан, F-16 учактарынын сатылышына байланыштуу АКШ башкаруучулугу менен АКШ Конгрессинин союздаштык рухуна ылайык иш кылышы жана алынган милдеттенмелердин аткарылышы керектигин айтты.

«Хүрриет» гезити «Министр Гүлер: 59 террорист жок кылынды» аттуу кабарында Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Ирак жана Сириянын түндүгүндө кечээ жүргүзүлгөн операцияларда 59 террористтин таасирсиз абалга келтирилгенин айтканын маалымдаган.

«Стар» гезити «Орусиядан Түркияга билдирүү» деген маалыматында Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новактын Түркияда жаратылыш газ борборун куруу долбоорунун жол картасынын жакын арада бекитиле турганын белгилеп: «Долбоор 2024-жылы ишке ашат деген үмүттөбүз»,-деп айтканын берген.

«Хабер түрк» гезити «Фатих Терим: Мен чемпион болуу үчүн келдим» деген кабарында Грециянын Панатинаикос командасы менен келишим түзгөн машыктыруучу Фатих Терим Афинадагы билдирүүсүндө: «Билишимче Панатинаикос жылдар бою чемпион боло элек болчу, мен чемпион болуу үчүн келдим»,-деп айтканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар