Түрк басма сөзү 13.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2138600
Түрк басма сөзү 13.05.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган грек басылмасына маалымат берди: Түбөлүк тынчтык үчүн аракет кылуудабыз» аттуу кабарында Грециянын Катимерини гезитине маалымат берген президент Режеп Таййип Эрдогандын, Греция менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарга байланыштуу билдирүүлөрдү жасаганын жазган. Чечимге багытталган кадамдардын маанилүүлүгүн баса белгилеген Эрдоган: «Эки дубалдын ортосуна кыстырылууга аракет кылынган эки өлкөнүн карым-катнаштарын жеңилдетүү жана бул дубалдарды уратуу биздин колубузда. Түбөлүк тынчтык үчүн аракет кылып жатабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Принс Лоран: Түркия бизге өзүбүздү кантип өнүктүрө аларыбызды көрсөтө ала турган өлкө» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Түркияны коргоо өнөр жайында дүйнөнүн эң мыктыларынын арасына алып келгенин айткан Бельгиянын ханзаадасы Лоран: «Урматтуу Эрдоган, азыр дүйнөнүн эң мыктыларынын арасында болгон курал өнөр жайын өнүктүрдү. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да Түркиянын кылгандарына терең ыраазычылыгын билдирди. Түркиянын потенциалы чоң. Түркия ошондой эле өзүбүздү кантип өнүктүрө аларыбызды да көрсөтө ала турган өлкө. Менимче, Европанын берки өлкөлөрдөн үйрөнө турчу нерсеси бар»,-деди.

«Сабах» гезити «Түрк балынан 11,5 миллион долларлык киреше түштү» аттуу кабарында Түркиядан январь-апрель айларында бал экспорту 11 миллион 477 миң 245 долларга жеткенин жазган. АКШ, Германия жана Испания эң көп экспорт кылынган үч өлкө болду.

«Ватан» гезити «Быйыл Анталья 418и 5 жылдыздуу 812 мейманканада конокторун кабыл алууда» аттуу маалыматында өткөн жылы 16 миллиондон ашуун чет элдик туристти тосуп алган жана быйылкы жылы да жаңы рекорд койгон Анталья, сапаттуу жана ар түрдүү иш-чаралар уюштурулган мейманканалары менен өзгөчөлөнгөнүн билдирген. Шаарда 418и 5 жылдыздуу, 218и 4 жылдыздуу жалпы 812 мейманкана, 5 жана 4 жылдыздуу концепциядагы 46 эс алуу айылы бар.

«Хабер Түрк» гезити «Мете Газоз Европа чемпиону» аттуу кабарында Улуттук жаачы Мете Газоздун, Германиянын Эссен шаарында өткөрүлгөн чемпионаттын финалында словениялык атаандашы Ден Хабжан Малавашичти 6-0 эсебинде утуп, Европа чемпиону болгонун билдирген. 2020-жылы Олимпиада, 2023-жылы дүйнө чемпиондугуна ээ болгон улуттук спортчу карьерасында биринчи жолу Европа чемпиондугуна жетишти.



Тектеш кабарлар