Түрк басма сөзү 15.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2076805
Түрк басма сөзү 15.12.2023

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган Жо Байден менен сүйлөштү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн билдирген. Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Газадагы гуманитардык трагедияны тез арада токтотуу керектигин, АКШнын Израилге карата колдоосунан баш тартса ок атышпоонун мүмкүн экенин, дүйнө жана АКШ коомдук пикиринин акыркы күндөрдө бул талапты дагы катуу үн менен айтып жатканын, аймактагы ок атышпоону мүмкүн болушунча тезирээк камсыз кылуунун АКШнын тарыхый жоопкерчилиги экенин айтты.

«Сабах» гезити «Министр Фидандан Азербайжанда маанилүү билдирүүлөр» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ Азербайжандагы билдирүүсүндө, Газада ок атышууну токтотуунун алдында АКШнын гана турганына көңүл буруп: «Израилди колдогондор бул абалды жакшы түшүнүшү керек. АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине мындан ары тоскоолдук кылбашын күтөбүз»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган башкы ролду ойноду» аттуу кабарында Орусиянын президенти Владимир Путиндин кечээ өткөргөн маалымат жыйынында Израиль-Хамас согушуна токтолуп, президент Режеп Таййип Эрдогандын Газа аракеттеринде алдыңкы ролду ойногонуна көңүл бурганын билдирген.

«Стар» гезити «Түркиядан ПКК менен машыгуу өткөргөн АКШга реакция» аттуу маалыматында Улуттук Коргоо министрлигинин булактары, АКШнын Сириядагы террордук уюмдарга көрсөткөн колдоосуна байланыштуу: «АКШдан күткөнүбүз бул террордук уюмга бардык жардам жана колдоосун токтотуусу жана террор менен күрөшүүбүзгө чын жүрөктөн көмөктөшүүсү»,-деп билдиргенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Алгачкы түрк космос саякатчысынын учуу күнү белгилүү болду» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, Эл аралык космос станциясында кызмат кыла турган алгачкы түрк космос саякатчысы Алпер Гезеравжынын 2024-жылдын 9-январында космоско чыга турганын жарыялаганын билдирген.



Тектеш кабарлар