Түрк басма сөзү 9.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2062220
Түрк басма сөзү 9.11.2023

«Хабертүрк» гезити «Президент Эрдогандан Карабах билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Карабах жеңишинин 3 жылдыгына карата куттуктоосунда боордош Азербайжанды 8-ноябрь Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктаганын белгилеп, «Карабах Азербайжандын жери жана буюрса кыяматка чейин да ушундай болот»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркия Улуу Улуттук Жыйынынан бардык өлкөлөрдүн парламенттерине Палестина каты» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Юстиция комиссиясынын төрагасы Жүнейт Йүксел, бардык өлкөлөрдүн парламенттеринин юстиция жана укук комиссияларынын башчыларына кат жолдоп, «Палестинада ок атышууну токтотуу жана туруктуу тынчтыктын камсыздалышы үчүн эл аралык аракеттерге» чакырганын билдирген.

«Сабах» гезити «Унаа өнөр жайынан 3,1 миллиард долларлык экспорт» аттуу кабарында унаа өнөр жайынын октябрь айына карата экспорттук көрсөткүчтөрү жарыяланганын жазган. Жалпы 3,1 миллиард долларлык экспорт менен октябрь айындагы эң жогорку экспортко жетишилди.

«Ватан» гезити «ГӨКБЕЙ дагы бир орчундуу босогодон өттү» аттуу маалыматында Түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан GÖKBEY тик учагынын дагы эки сыноодон ийгиликтүү өткөнүн билдирген. 20 миң фут бийиктикте учуп максималдуу кызмат бийиктигине жеткен ГӨКБЕЙ, эки моторлуу учууда жалгыз мотор сыноосунан да ийгиликтүү өттү.

«Йенишафак» гезити «Англиядан 3,7 миллион турист күтүлүүдө» аттуу кабарында Түркиянын саякат агенттиктери бирикмесинин (TÜRSAB) төрагасы Фируз Баглыкая Англиянын Түркия үчүн абдан маанилүү туризм рыногу экенин белгилеп: «Түркия катары жылдын аягына чейин Англиядан 3,7 миллион туристти кабыл алууну максат кылуудабыз»,-дегенин жазган.



Тектеш кабарлар