Түрк басма сөзү 25.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2015634
Түрк басма сөзү 25.07.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдагандан Лозанна билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Лозанна тынчтык келишимине кол коюлганынын 100 жылдыгына байланыштуу билдирүү жасаганын маалымдаган. Эрдоган: «Сүйүктүү улутубуздун толук эгемендикке болгон эрки Лозанна тынчтык келишиминин сүйлөшүүлөрү жана кол коюу процессинде да өзүн абдан күчтүү түрдө көрсөттү»,-деди. Эрдоган келишим аркылуу алынган укуктарды чечкиндүүлүк менен коргоп жатып, өлкөнүн жетишкендиктерин жаңы кадамдар менен бекемдей тургандарын белгиледи.

«Сабах» гезити «Эрдоган: Түндүк Кипр Түрк Республикасына колдообуз арта берет» аттуу кабарында президент Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) колдоонун дагы да артаарын билдирген билдирүүсүн берип, «Кипр аралынын туруктуу жана адилеттүү тынчтыкка жетиши үчүн жоопкерчиликти алуудан тартынбайбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Алтун: Түркиянын адилеттүү ишин эл аралык аренага алып чыгабыз» деген кабарында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Коммуникация башкармалыгынын 5 жылдыгына арналган видеотасма бөлүшкөнүн маалымдаган. Алтун: «Башчылыгыбыз чындык үчүн күрөштөн тайсалдабастан, коомчулукка так, ачык жана тез маалымат берүүнү улантат»,-деп бөлүшкөнүн берген.

«Йени Шафак» гезити «АКШнын үмүтү Эрдоган» деген кабарында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти, президент Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен күтүлгөн жолугушуусунан Кара деңиз дан келишиминин кайра түзүлүшү темасында оң натыйжага жетишээрин үмүт кылганын билдиргенин маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Түрк учкучсуз учуучу аппараттарынын ийгилигинин сыры» деген макаласында Америкалык Al Monitor жаңылыктар сайты түрк учкучсуз учуучу аппараттарынын популярдуулугуна басым жасаганын жазган. Отчетто Түркия 2019-жылы учкучсуз учуучу аппараттарын сата баштагандан бери Украина, Карабах, Ливия, Сирия, Ирак, Эфиопия жана Сомали сыяктуу дүйнө жүзүндөгү кагылышуу аймактарында ийгиликтүү колдонулганына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар