Түрк басма сөзү 4.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2007216
Түрк басма сөзү 4.07.2023

«Хүррийет» гезити «Министр Фидандын Швецияга каршы чыгуусу» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Швециядагы жийиркеничтүү провокацияга каршы чыкканын жазган. «Швецияда Куранга болгон жийиркеничтүү кол салууну жана эскертүүлөрүбүзгө карабастан бул кол салууга көз жумууну дагы бир жолу айыптайбыз»,-деп айткан Фидан: «Стратегиялык жана коопсуздукту баалоо жагынан Швециянын мүчөлүгү НАТОго жүк болобу же пайда болобу, азыр дагы көбүрөөк талкууга ачык»,-деди.

«Стар» гезити «Түркия менен Египеттин элчилери дайындалды» аттуу кабарында Түркия менен Египеттин ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын элчилик деңгээлине көтөрүлгөнү жарыяланганын маалымдаган. Биргелешкен билдирүүдө Түркиянын Каирдеги элчиликке Салих Мутлу Шенди, Египеттин Анкара элчиси кызматына Амр Элхамаминин талапкерлигин көрсөткөнү белгиленди.

«Сабах» гезити «THY «Эң туруктуу байрак ташуучу» аба жолу болду» деген кабарында Түрк аба жолдору эл аралык каржы мекемеси World Finance тарабынан «Эң туруктуу желек ташуучу» сыйлыгы менен сыйланганын белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «2024 QS Дүйнөлүк университеттер рейтинги боюнча YÖKтан түшүндүрмө» аттуу маалыматында Жогорку билим берүү кеңешинин (YÖK) билдирүүсүнө караганда дүйнөнүн алдыңкы 2963 университети бааланып, 1503 университет орун алган QS 2024 Дүйнөлүк университеттер рейтингинде Түркиядан 25 университет орун алганын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Робот «София» Чамлыжа мунарасында эфирге чыгат» деген кабарында адамга эң окшош жана жасалма интеллект чыгарылышы болгон София роботу Стамбулдагы Чамлыжа мунарасынан 6-7-июль күндөрү Женевада өткөрүлө турган радио берүүлөргө катышып, дүйнөдө радио берүүлөрүн жасаган биринчи робот болоорун кабарлаган.



Тектеш кабарлар