Түрк басма сөзү 25.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1990574
Түрк басма сөзү 25.05.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: сириялыктарды жөнөтө баштадык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын өлкөсүндөгү жарандык согуштан качып Түркияга баш калкалаган сириялыктар аман-эсен үйлөрүнө жөнөтүлө баштаганын билдиргенин жазган. Эрдоган: «Сириянын түндүгүндө 1 миллион качкынды жайгаштыра турган үйлөрдүн курулушу уланууда»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия менен Катар Сирияда үй куруп жатат» аттуу маалыматында Түркия жана Катардын кызматташтыгы менен Сириянын 9 башка аймагында 1 миллион киши жашай турган 240 миң үйдүн биринчи этабынын пайдубалын түптөө аземи өткөрүлгөнүн маалымдаган. Жараблустагы аземде сөз сүйлөгөн ички иштер министри Сүлейман Сойлу : «554 миң ыктыярчы Сирияга кайтарылды»,-деди.

«Сабах» гезити «Көгүлтүр мекендин жаңы күчү-СИДА» аттуу кабарында коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демирдин куралдуу капитансыз деңиз аппаратынын (SİDA) көгүлтүр мекендин жаңы күчү болоорун айтканын баяндаган. НАТО машыгуусунда да көңүлдөрдү бурган СИДАнын деңизден деңизге, деңизден деңиздин астына чабуул кыла турган абалда экенин баса белгилеген Демир: «Биз ар бир тармакта тырышчаакпыз. Бизди байкай бериңиздеп»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Грек басмасы: Түркия чоң державага айланды» деген маалыматында Грециянын SL Press гезити Түркиянын бардык тармактарда таасирдүү жана чоң күчкө айланганын жазганын белгилеген. Гезитте Түркиянын Евразия, Балкан өлкөлөрү жана Ислам дүйнөсү менен маанилүү соода карым-катнаштарын өнүктүргөнү, унаа өнөр жайында сөз сүйлөгөнү, кеме куруу жана оңдоо боюнча дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсүнө киргени белгиленген.

«Стар» гезити «Кара деңизде жаңы сүйүнчүлөр келе жатат» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин, «Чыгыш Кара деңиз аймагында мунайдын издери дагы көп. 2023-жылдын аягына чейин Орду жана Ризе деңизинде чалгындоо бургулоо иштери жүргүзүлөт. Биздин күткөнүбүз Ордуда жаратылыш газы, Ризеде мунай»,-деп айтып кубандырганын жазган.



Тектеш кабарлар